Кадыр түн - Ислам дининдеги эң ыйык түндөрдүн бири. Бул түн өзүнүн өзгөчөлүгү Орозо айынын акыркы он күнүнүн так күндөрүнө жашырылганы, сырдуу кылынганы. Ислам дүйнөсүндө кадыр түндү Орозонун 26-күндөн 27-күнгө караган түнү деп эсептешет.
SUPER.KG порталы Кадыр түндүн артыкчылыктары, белгилери жана Кадыр түндү туура тосуу тууралуу Муфтияттын халал иштерин өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр Токтогазы уулунан жооп алдык.
- Кадыр түндүн артыкчылыктары...
- Кадыр деген сөз араб тилинен келген. Кыргызча которгондо урматтуу деген маанини билдирет. Экинчи тагдыр маселеси бар. Бир жылда болчу нерселер кадыр түндө жазылат деген түшүнүк бар.
Орозо айында Куран түшүрүлгөн. Жараткан куранды Жебрейл периште аркылуу Мухаммед пайгамбарга (саллаллаху алейхи ва саллам) түшүргөн. Эң маанилүүсү бул күнү периштелер түшө турган күн.
- Кадыр түндүн белгилери кандай болот?
Ислам дүйнөсүндө кадыр түн 26-күндөн 27-күнгө караган түнү кармашат. Бирок акыркы 10 күндүктө кадыр түндү издеген жакшы. Себеби Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) акыркы он күндү мечитте өткөргөн. Ошондуктан ким кадыр түндү өткөрөм десе акыркы 10 түндөн издеши керек.
- Кыз-келиндер дагы мечиттерге барып кадыр түндү тозсо болобу?
- Бара турган мечитте шарттар түзүлгөн болушу керек. Бишкектеги чоң мечиттерде эле шарт болгон болбосо, көпчүлүк мечиттерде шарттар жок. Эркектер менен аралашпашы зарыл.
- Кадыр түндү кантип туура тосуу зарыл?
- Эң жакшысы Кудайга жаккан иш менен өткөрүү керек. Мисалы, кээде оюн-зоокко айлантып жибериши мүмкүн. Бул туура эмес. Бул күнү периштелер түшөт деп айтылат. Намаз, куран окуп, ибадат кылышыбыз керек. Элге, өзүбүзгө дуба кылабыз.