Кыргызстанга ири көлөмдө мыйзамсыз товар алып киргендер кармалды

Кыргызстанга ири көлөмдө мыйзамсыз товар алып киргендер кармалды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы контролдук-өткөрүү пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу жайында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн бир катар товарларды ташып кирүүдөгү бузуулар аныкталды.

Атап айтканда, "Ак-Тилек" товарларды эсепке алуу пунктунда 20 тонна күн карама (үрөн) жана 65 баш жылкы ташып жаткан жүк ташуучу унаалар кармалган.

"Чалдовар" товарларды эсепке алуу пунктунда 20 тонна беде үрөнүн жана 9 куту бут кийим үчүн крем-майды ташып кирүүгө аракет кылышкан.

Импорттоочуларда товарды ташып кирүүгө уруксат берүүчү документтер болгон эмес (салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты, коштоочу кагаз).

Мыйзамга ылайык бузуулар боюнча материалдар андан аркы чараларды көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан