Аяшы "бутуң жыттанат" деп үйүнөн кууп салган киши досун өлтүрүп салган

SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин Тергөө кызматынын начальниги, милициянын полковниги Кумар Кабылбеков иш учурундагы башынан өткөргөн, өмүр бою эсинен кетпей турган окуясын айтып берди.

"2004-жылдын 4-октябрында Каракол шаарында бир менчик жатакананын биринчи кабатында жалгыз жашаган Ажикожоевдин жансыз денеси табылган. Сырттан кароо жүргүзгѳндѳ, анын моюнунда болгону бир эле курч нерсе менен сайылган жаракат бар экен. Бул кылмыш боюнча ыкчам иш-чаралардын негизинде шектүүнү кызматкерлер бир айдын ичинде аныктап, Сокулуктан кармап келишкен.

Шектүү катары кармалган Турсунбек аттуу жаран күнѳѳсүн толугу менен моюнга алып, тѳмѳнкүдѳй кѳрсѳтмѳ берген. Ал Токмок шаарында жашап жүрүп, Каракол шаарына күзүндѳ картошка казганы “биржага” келип, Ажикожоев менен таанышат. Экөө 3-октябрда бир дүкөндүн жанынан кезигип, Ажикожоевдин үйүнѳ барышат. Ал жерден экөө спирт ичимдигин ичишип, бир маалда уруша кетип, Турсунбек столдо турган бычак менен бир жолу моюнуна сайып ѳлтүргѳн.

Мен ошол кылмыш ишти иликтеп сотко жибергем. Каракол шаардык соту Турсунбекти 9 жылга эркинен ажыраткан. Сот болгондон кийин Турсунбектин апасы Сокулуктан келип, биздин үстүбүздѳн арыз жазып, уулунун күнѳѳсү жок экендигин айтып, жактоочу жалдаган. Облустук сотко арызданышып, Турсунбекти милиция кызматкерлери сабап, күнѳѳсүн моюнуна алдырды деп жазышкан. Соттук отурумда Турсунбек окуя болгон учурда Ак-Суу районунда болгонун, бул кылмышка эч кандай тиешеси жоктугун айткан. Турсунбек милиция кызматкерлери сабагандыгын кѳрсѳткѳн. Бирок сот отурумунда, санкция убагында жана андан кийин Каракол сотунда бул жөнүндө эмне себептен айтпай койдуң деген суроого "милиция сабаган эмес, тергѳѳчү күндѳ арак берип алдап, кол койдурган" деп жооп берген. Анда сот күндѳ арак берсе, тергѳѳчү 4 баласын кантип багат деп сураган. Анда жактоочу бизде күбѳлѳр бар деп, Ак-Суу районунун Вознесеновка айылынан бир нече адамды сотко алып келишет. Алар окуя болгон учурда Турсунбек ошол жакта картошка казып, жатып иштеп жүргѳн деп кѳрсѳтмѳ берген.

Соттук отурумду кийинки күнү улантабыз дегенде, мен бул кылмышкер акталып кетет деп, Турсунбек айтып бергенин бардыгын эстеп, ал 1990-жылдарда Ооганстанда согушка чогуу катышкан Каракол шаардык “полчаны” окуя болгон жерден жакын жайгашкан үйдѳ жашайт дегенин эстедим. Мен ал “полчанын” окуя боюнча бир нерсе билет деп издей баштадым. Окуя болгон жерге барып ал кишини таптым. Ал мени үйүнө чакырды, мен ал кишиге болгон окуяны толук айтып бердим. Ал “кылмыш кайсы күнү болду эле?” деп сурады, мен 3-октябрь күнү, себеби эртеси, 4-октябрда өлүк табылган деп жооп бердим. Ал Турсунбекке 3-октябрда жолукканын айтты. Ал күнү кызынын туулган күнү болуп, Турсунбекти үйүнө чакырган. Экөө арак ичип отурган маалда аялы кирип келип, Турсунбектин буту сасыктыгынан аны үйдѳн кууп чыккандыгын айтып берди.

Мен ага сотко келип берүүсүн сурандым. Ал киши сага жардам берейин деп макул болду. Эртеси соттун жанынан ал кишини кезиктирдим. Прокурорго ал кишинин аты-жөнүн айтып, сотко кошумча күбѳ катары чакырып берүүнү сурандым. Сот башталды. Турсунбектин энеси менин жаныма келип, бирдеме сезгендей тиги кишини карап турду. Мен ага акырын “эч нерседен коркпогуңуз, болгонун болгондой айтып бериңиз” дедим.

Мени сотко күбѳ катары чакырышты, мен кылмышты кандай тергегенимди, Турсунбек күнѳѳсүн моюнуна ѳзү алганын айтып бергенин кѳрсѳттүм. Менден кийин прокурор сотко ѳтүнүч келтирип, кошумча күбѳнү сурака чакырууну суранды. Турсунбек полчаны кѳрүп, ордунан тура калды да, кайрадан ордуна отуруп калды. Байке мага айтып бергендерин сотко да айтып берди. Сот муну кандай далилдейсиз десе, кызынын туулгандыгы тууралуу күбѳлүгүн алып чыгып кѳрсѳттү. Сот чын эле кызы 3-октябрь күнү туулуптур дегенде, Турсунбек “мен күнѳѳмдү моюнга алам" деп жактоочусун тилдеп жиберди.

Сотто отургандардын бардыгы күбүр-шыбыр болушту. Сыртка чыксам сотко катышкан эже мени чакырып “азаматсың, күнѳѳсүн далилдедиң, муну сен мындай калтырба, ал жактоочу Турсунбектин энесинен Токмоктогу эки бѳлмѳлүү батирин саттырып, күбѳлѳрдү сатып келген, ага чара кѳргѳнгѳ сен арыз жаз” деп сунуштады. Мен “кереги жок, Кудай ѳзү таразалайт” деп айтып, соттун чечимин күтпѳй кетип калдым. Ал эми Турсунбекти сот 12 жылга эркинен ажыратты", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан