Чүйдө жыл башынан бери оң рулдуу унаалар катышкан жол кырсыгынан 16 адам каза болду

Чүйдө жыл башынан бери оң рулдуу унаалар катышкан жол кырсыгынан 16 адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда оң рулдуу унаалар сол рулдууларга караганда алда канча аз, бирок алар жол кырсыгына көп кабылышат.

2022-жылдын 3 айында эле Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн талдоого караганда, өткөн жылдардагыдай эле жол кырсыктары оң рулдуу унаалардын катышуусунда көп катталган.

Жалпысынан оң рулдуу унаалардын катышуусунда 102 жол кыймылынын кырсыгы катталса, анын 78си оң рулдуу унаалардын айдоочуларынын күнөөсүнөн болгон, анда 16 адам каза болуп, 221 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан