"Дөө Чыңгыздын" уюшкан кылмыштуу тобуна катышы бар. УКМК адам уурдоо фактысына шектүүлөрдү кармады

УКМК опузалап талап кылуу жана адам уурдоо фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады. Аталган кызматтын билдирүүсүнө ылайык, кармалгандардын бири учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"УКМК 165-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пунктунун (Баңги каражаттарын психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде адам уурдоо, опузалап талап кылуу жана өлтүрөм деп коркутуу фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүк ишинин алкагында Э.Б., С.С. жана А.М. аттуу жарандарды кармады.
Буга чейин УКМКга О.Ю. аттуу жаран кайрылып М.уулу А. деген тууганын уурдап, физикалык күч колдонуп, белгисиз даректеги батирде кармаган уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адамдарга карата чара көрүү өтүнүчүн келтирген. Маалыматка ылайык, кармалгандар ("Дөө" каймана аты менен белгилүү) Чыңгыз Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобуна катышы бар экендиги такталган.
Учурда кармалгандарга карата тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатат", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан