Баткенде чек арадан 800 миң сомдук жүк менен аткезчилер кармалды

Баткенде чек арадан 800 миң сомдук товарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда 1-апрелден 3-апрелге чейин чек ара кызматы баш аягы 800 миң сомдук товарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган адамдарды кармады.

Анда 1-апрелде Баткендин Лейлек районунда Өзбекстандан Кыргызстанга 11 тонна жер семирткич алып өтүүгө аракет кылгандарды кармаган.

Ал эми 2-апрелде Баткен районунда Тажикстандан Кыргызстанга 2 тонна лимонду мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Кыргыз жараны кармалган.

Бул кармалган аткезчилик жүктөрдүн жалпы баасы болжолдуу 800 миң сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан