Бишкекте чоң атасы 2 жашар небересин унаасы менен тебелеп алып, ал каза болуп калды

Бишкекте 2 жашар бала унаанын алдында калып чарчап калды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-апрель күнү саат 18:40 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Биримдик-Кут жаңы конушунда жайгашкан үйлөрдөн кичинекей баланы унаа тебелеп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери барган учурда, 1973-жылы туулган К.Ш. аттуу жаран өзүнүн Хонда Эллизион унаасы менен короосунан чыгып келе жаткан 2020-жылы туулган небересин артынан байкабай сүзүп кеткени аныкталган. Натыйжада бала эсине келбей, аймактык ооруканада каза болгон. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери каза болгон баланын ата-энесин суракка алып, алар эч кимге дооматы жок болгондуктан арыз жазуудан баш тартышкан. Учурда милиция кызматкерлери иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн бардык зарыл болгон тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан