Түштүк Корея аскердик тирешүүгө барса Пхеньян өзөктүк курал колдонот. Бул тууралуу Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ындын эжеси Ким Ё Чжон билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.
"Эгер Түштүк Корея аскердик тирешүүгө барса, анда биздин өзөктүк согуштук күчтөр сөзсүз түрдө өз милдетин аткарууга аргасыз болот", - деп билдирген ал.
Ал ошондой эле Түштүк Кореянын коргоо министринин Түндүк Кореяга каршы алдын ала сокку уруу тууралуу айтканы өтө чоң жаңылыштык болгонун белгилеген.
Буга чейин Ким Ё Чжон Түштүк Кореянын коргоо министри Со Вукту Түндүк Кореяга каршы алдын ала сокку уруу ыктымалдыгы тууралуу сөздөрү үчүн “таштанды” деп атап, мындай сөздөр Сеул үчүн кайгылуу кесепеттерди алып келерин айткан.