Бишкекте былтыр оң рулдуу унаалардын айынан 15 адам каза болду

Бишкекте оң рулдуу унаалардын катышуусунда жол кырсыгы көп катталууда. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, былтыр 2021-жылы Бишкек шаарынын аймагында оң рулдуу унаалардын катышуусунда 787 жол унаа кырсыктары катталып, 1027 жаран ар кандай жаракаттарды алып, тилекке каршы 15 жаран көз жумган.

"Келип чыккан жол унаа кырсыктарынын көпчүлүгү оң рулдуу унаа алдыдагы унаадан ашып өтөм деп, сол тарапка чыгуу учурунда карама-каршы келе жаткан унаа менен бетме-бет сүзүшүп алган фактылар менен коштолгон. Демек, оң рулдуу унаалар Кыргызстандын жолдоруна туура келбегендиги талдоо көрсөтүп турат", - деп билдиришти Милициянын кайгуул кызматынан.

Мындай жол унаа кырсыктарын алдын алуу максатында Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматкерлери оң рулдуу унаалардын айдоочуларына айрыкча Бишкек шаарынын аймагынан сырткары алыскы аймактарга каттаган минивен такси айдоочуларына байма-бай түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан