Бүгүн, 5-апрель шорпонун эл аралык күнү. Илгери эгерде үйдө шорпо жасалбаса, ал үй-бүлө кедей деп эсептелген. Шорпонун адамдын ден соолугу үчүн маанисин баса белгилөө максатында аталган майрам негизделген. Тарыхчылардын айтымында, бул тамактын рецепттери биздин заманга чейинки биринчи кылымда эле бар болгон. Ал эми шорпо алгачкы жолу байыркы Азияда жасалган. Орустардын "суп" (шорпо) сөзү французча "soupe", латынча "suppa" деген сөздөрдөн алынган, кыргызчага которгондо кайнатмага же бульонго чыланган нан дегенди билдирет. Дүйнө жүзүндө шорпонун миңден ашык түрү бар.
Немис окумуштуулары лабораториялык негизде этке караганда сөөктөн кайнатылган шорпо алда канча даамдуу жана пайдалуу заттарга бай экендигин изилдеп, аны жар салып келишет. Бирок бул нерсени биздин ата-бабаларыбыз эбак эле билип, «эт этке, шорпо бетке» деп шорпону ысык кезинде ичип, көп ооруларга шыпаа табышкан.
Шорподо картошка, сабиз, пияз, капуста, помидор сыяктуу ар кандай жашылчалар көп. Алардын баарында адам организмине нормалдуу иштеши үчүн керектүү көптөгөн витаминдер жана биологиялык активдүү заттар бар. Жашылчаларда кадимки тамак сиңирүү үчүн абдан маанилүү болгон клетчатка бар. Дал ушул себептен шорполорду ичүү көпчүлүк учурда ичеги-карын, ич катуу, метеоризм, ичеги-карын, гастрит жана башка көйгөйлөрдөн алыс болууга жардам берет. Дан эгиндерине же жашылчаларга негизделген майсыз шорполор терапевтикалык диетаны кармагандарга же арыктоону каалагандарга ылайыктуу. Шорпо денедеги суюктук балансын калыбына келтирүүгө жардам берет, бул жыргалчылык үчүн да абдан маанилүү. Ошондой эле бул тамактын курамындагы заттар токсиндерди кетирүүгө жана организмдин бактериялар менен инфекцияларга туруштук берүүсүн жогорулатууга жардам берет.
Бирок ар бир нерсенин чен өлчөмү бар экендигин айта кетпесек болбойт. Мисалы, көбүнчө кары адамдар кой этинен жана шорпосунан баш тартканын көп байкайбыз. Анткени сиӊиши кыйын жана холестерин абдан көп. Көп жесе жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келет. Кант диабети, гепатит, панкреатит, гипертония, холецистит, өттүн таш оорусунда, ашказан-ичегинин жарасы жана подагра менен жабыркагандарга сунушталбайт. Белгилеп кетсек, адатта шорпо суук тийген адамга миңдин бири экени маалым.
5-апрелге карата жылнаама.