Кант шаарында суудан 55 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-апрель күнү Кант шаарынын Ломоносов көчөсүндөгү дренаждан 1967-жылы туулган В.Ю. аттуу эркек адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат "102" кызматынан түшкөн. Жерине 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.