Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылында Volkswagen Golf-2 унаасы толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, кырсык кечээ, 4-апрелде болгон. Анда Шакирт-Ата көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда турган унаа өрттөнгөн. Жерине Ак-Суу райондук №39 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүм тартылып, саат 13:03тө чектөөгө алып, 13:13тө толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттөн жеңил унаа толук күйүп кеткен. Жабыркагандар жок. Өрт электр зымдардын кыска чыңалуусунан чыккан.