Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Лейлектин Борбордук айылында 225 орундуу мектеп ачылды

Баткен облусунун Лейлек районундагы Борбордук айылында жаңы курулган 225 орунга ылайыкталган 2 кабаттуу мектептин ачылыш аземи болду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш-чарага облус башчысы Абдикарим Алимбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
Мектеп буга чейин Хамза орто мектеби болгон болсо, эми ага залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды.
Хамза орто мектебинин эски имараты 1970-жылы 320 орундуу болуп колдонууга берилген. Анын эскилиги жеткендигине байланыштуу жаңы мектеп куруу зарылчылыгы жаралган. Натыйжада 225 орундуу жаңы мектеп 65 миллион сомго курулуп бүттү.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын май айында өлкө башчысы Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында аталган билим уясынын жаңы имаратынын пайдубалына капсула салган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан