Каржы пирамидасы жарандарды алдоо менен өнүгүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкөбүздө жыл сайын он миңдеген жарандар каржы пирамидалардын курмандыгы болушат. Ар кандай каржы пирамидалар жарандардын чөнтөгүнөн алынган акча менен өнүгүп жатат.
Алдамчылар кыймылсыз мүлк, облигациялар жана акцияларды сатып алууну сунушташат, жогорку кирешелүү интернет долбоорлоруна, курулушка жана айыл чарбасына акча салууга убада беришет. Жогорку натыйжалуу өндүрүшкө инвестиция салууга үгүттөп келишет. Көпчүлүк жабырлануучулар акчаларынан кол жууганына моюн сунушуп, алдамчыларга карата эч кандай аракет көрүшпөйт. Анын натыйжасында башка адамдарды алдоону улантууга өбөлгө түзүлүүдө.
"Урматтуу жарандар, эгерде сиз же сиздин жакындарыңыз каржы пирамидасынын курмандыгы болсо же сизге карата укукка каршы аракеттер болуп жатат деп шектенип жатсаңыз Ички иштер органдарына токтоосуз кайрылыңыз. Ички иштер министрлиги жарандарга мамлекетибиздин мыйзамдуу өкүлдөрү болгон мамлекеттик банктарга жана ипотекалык компаниялар менен гана өз ара кызматташууну сунуш кылат", - деп жазылат маалыматта.