Ош шаарында тарыхый жана маданий эстеликтердин жанына QR коддорду орнотуу долбоору ишке кирди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Билдирүүгө таянсак, долбоор жаштар арасында тарых жана маданиятты жайылтуу, Ош шаарында жана облуста туризм тармагын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө багытталган.
QR кодду смартфон аркылуу сканерлегенде эстеликтер качан тургузулганын, ал адамдын өмүр таржымалын, тарыхка кандай салым кошконун, сүрөттөрүн дароо көрсө болот. Мунун баары үч тилде – кыргыз, орус жана англис тилдеринде берилет.
Бул иш мэр Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен “Ош - Улуу Жибек Жолунун провайдери” программасынын алкагында ишке ашырылууда.
Белгилей кетсек, учурда Ош шаарындагы жана Ош облусундагы 20 объектинин жанына QR коддор орнотулган.