Кыргызстанда кыргыз тилинде мультсериалдар тартылып жатат. Бул тууралуу режиссёр Айбек Дайырбеков SUPER.KG порталына билдирди.
"
Былтыр анимациялык долбоор баштаганбыз. Кыргыз тилинде мультфильм аз болгондуктан санаалаш достор биригип кичинекей балдар үчүн чакан окуяларды тартып жатабыз. Болгондо дагы бир убакта дароо үч мультсериал тартылууда. Эки долбоор 2D форматында, бирөөсү 3D форматында. Аларды тартуу ылдам бүткөндүктөн башында жасалгандарды чыгара баштадык. Жумасына 1 сериядан чыгат.
Май айынан баштап буйруса жумасына 2 сериядан чыгарабыз. Алгачкы сериясы ютубга чыкты. Тартуу иштери "Карек" өспүрүмдөрдү колдоо фонду тарабынан каржыланып жатат", - деди Дайырбеков.