Бүгүн, 5-апрелде Бишкек шаарындагы Опера жана балет театрынынын алдында Омор Султановду соңку сапарга узатуу иш-чарасы өттү.
Ага маркумдун жакындары, калемдештери жана маданият министри баштаган белгилүү коомдук ишмерлер катышты.
Акынды акыркы сапарга узатууда анын кылган эмгектери, аркасында өчпөс болуп калган ырлары эскерилди.
Бир саатка созулган коштошуу зыйнатынын аягында сөзү Омор Султановго таандык "Ак булуттар" ыры менен акындын денеси көрүстөнгө узатылды.
Дал ушул ырын акын өтө жакшы көрөрү жана ырга обон салган Асанкалый Керимбаев "Мен өлсөм ушул ыр менен узаткыла" дегени айтылып жүрөт.