Бишкектин мэри калаада 16 мектепти куруу пландалып жатканын айтты

Жаңы окуу жылында Бишкек шаарында 16 мектеп куруу пландалууда. Бул тууралуу шаардык кеңештин жыйынында шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда 7 мектептин курулуш иштери башталды.

"Быйыл сентябрь айында биз 16 мектепти курууну пландап жатабыз. Мектептер республикалык бюджеттен каржыланат", - деп билдирди шаар мэри.

Мындан тышкары мэр социалдык маанидеги объектти тендерсиз куруу маселеси каралып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан