Бишкекте Кыргыз Республикасынын Эл артисти Марат Алышпаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.
Коштошуу зыйнаты Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтүүдө. Ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, саясатчылар, маданият өкүлдөрү катышууда.
Белгилей өтсөк, Марат Алышпаев 4-апрелде мезгилсиз дүйнө салган. Кыргыз Эл артистинин маектеринен үзүндү шилтемеде.