Бүгүн, 5-апрелде камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сотто өзүн жаман сезип, ага дагы "Тез жардам" чакыртылды.
Сот отурумунда Атамбаев өзүн жаман сезип жаткандыктан ага дароо "Тез жардам" чакыртылган. Бирок "Тез жардам" келгенге чейин Атамбаевди 47-колонияга алып кетишти.
Соттук отурум эртең, 6-апрель саат 10:00гө жылдырылды. Жактоочулар соттук отурумду Атамбаевдин катышуусу жок же сотту онлайн-режимде катышууну өтүнүштү. Бирок судья бул өтүнүчтөн баш тартты.
Кечээ, 4-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Октябрь окуялары боюнча сот отуруму өткөн. Анда дагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди "Тез жардам" кызматы алып кеткен.