Бишкектеги реабилитациялык зоопаркта маймылдын баласы туулду. Бул тууралуу "ZooBishkek" реабилитациялык зоопаркынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
"Ал азыр алсыз. Жумушчулар аны ар 2 саат сайын шприц менен тамактандырып турат. Балким, сиз бул кичинекей чоң көздүү кереметти көргөн биринчи бактылуулардын бири болосуз", - деп айтылат билдирүүдө.