Бүгүн, 5-апрелге карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 миллиард 873 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"5-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 873 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 169 метр куб, агып чыгышы 36 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Буга чейин Акылбек Жапаров 1-апрелге карата Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмүн кеминде 8 миллиард метр кубга жеткирүү талабын койгон.