
Кыргыз-өзбек медициналык өндүрүш боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.
Ага ылайык, келишимдин алкагында «Дентафилл Плюс» ЖЧКсы (Өзбекстан) жана «АЮ ФАРМ» ЖЧКсы (Кыргызстан) хирургиялык кол каптарды өлкө аймагында өндүрүү боюнча кызматташат.
Ошондой эле документте фармацевтика жаатында инвестициялык кызматташууну камтыйт жана андан ары дары-дармектерди өндүрүүнү көздөйт.