Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкекте сүннөткө отургузгандан кийин каза болуп калган 7 жаштагы бала тууралуу комментарий беришти.
Министрликтин маалыматына таянсак, 2-апрелде саат 14:00 чамасында Улуттук госпиталдын Урология бөлүмүнө 7 жаштагы бала (ординаторддун тууганы) түшкөн. Ординатор уролог-дарыгерден баланы сүннөткө отургузууну суранган.
"Жергиликтүү наркоз менен сүннөткө отургузулган, бирок бала тынчыбай, ыйлап, каршылык көрсөтүп, сүннөткө отургузууга уруксат берген эмес. Андан соң баланы атасынын жана агасынын коштоосунда "Тез жардам" унаасы менен №3 балдар ооруканасына жеткирилген.
Туура эмес көзөмөл үчүн Улуттук госпиталдын жетекчилиги тарабынан урология бөлүмүнүн башчысы А.А.га сөгүш жарыяланып, дарыгер К.Т. өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду. Ошондой эле Урология бөлүмүнүн башчысына тарбиялык иштерди жүргүзүү жана ординаторлордун ишине көзөмөлдү күчөтүү сунушталды", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин милициядан борбор калаада 7 жашар бала сүннөткө отургузгандан кийин каза болуп калганын билдиришкен.