Бишкекте тергөөчү пара алып жаткан учурунда кармалды

Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны А.Д. 85 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКга М.Г. аттуу жаран кайрылып, тергөөчү сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 2000 доллар өлчөмүндө пара талап кылып жаткандыгын айткан.

Кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Ага кылмыш-жаза кодексинин "опузалап пара алуу" боюнча кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан