Башкы прокурор: "Прокуратура органы бир дагы мугалимди чакырып, дипломун текшерген эмес"

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Башкы прокуратуранын отчёту каралып жатат. Депутат Жанар Акаев мугалимдердин дипломун текшерүү боюнча маселени көтөрдү.

"Айылдагы мугалимдердин бардыгын дипломуңарды көтөрүп келгиле текшеребиз деп жатышыптыр. Айылдагы мугалимди прокуратурага чакырып жатат деген чоң сокку болот экен. Ошол боюнча тапшырма берип койсоңуз", - деп депутат башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылды.

Зулушев: "Бүгүнкү күндө Кочкордо болгон окуядан башка мамлекетте прокуратура органы бир дагы мугалимди чакырып, дипломун текшерген жок. Бир дагы мугалимди чакыра элек. Факты болсо айтсаңыз болот", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан