
Таласта жарандарды бычак менен коркутуп, карактоого шектүү жаран колго түшүрүлдү. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, шектүү кылмыш жасаган күнү мас абалда болгон.
Маалыматка караганда, окуя 28-мартта Талас районунун Калба айылында орун алган. Анда таштанды таштоочу жерде иштеп, чогуу жашаган 2 жаран милицияга кайрылышкан. Алар таңга маал бейтааныш адам уктап жаткан бөлмөнүн терезеси аркылуу кирип, колундагы бычагы менен коркутуп телефондорун алгандыгын билдирген.
Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 207-берене менен катталып, кылмыш иши козголгон.
"Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө, Көк-Дөбө айылынын 41 жаштагы Д. Р. аттуу тургуну кармалды. Ал кылмышка барган учурда мас абалда болгондугу аныкталган. Учурда соттун чечими менен шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - дешет мекемеден.