Жалал-Абадда ага-ини аткезчиликке шектелүүдө

Жалал-Абадда бир туугандар аткезчилик фактысына шектелип кармалды. Облустук милициядан билдиришкендей, алар бодо малды мамлекеттик чек ара аркылуу Өзбекстанга өткөрүүгө аракет кылышкан.

Маалым болгондой, 4-апрелде Ак-Там айылынан Өзбекстанга аткезчилик жол менен 4 баш бодо малды өткөрүп жатканда Аксы районунун тургундары кармалды. Аталган факты боюнча топтолгон материал "аткезчилик" болуп катталган.

"Алдын ала териштирүүдө бир тууган ага-ини өздөрүнүн бодо малын өзбекстандык жаранга сатуу үчүн үйүнөн айдап чыгышкандыгы белгилүү болгон. Алар малды Аксы районунун Кара-Дөбө айылындагы чек арадан өткөрүүнү көздөшкөн. Бирок ал жерде чек араны караган Кыргызстандын жоокерлери тургандыктан өткөрө албай коюшкан. Андан соң букаларды Хёндай Портерге жүктөп, Ала-Бука районунун Ак-Там айылындагы чек арадан өткөрүү үчүн алып барышкандыгы белгилүү болгон.

Учурда бул факты боюнча тийиштүү адамдар суралып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - дешет маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан