2022-жылдагы Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алуудагы башкы сенсация Европанын учурдагы чемпиону Италия курамасынын жолдомо албай калышы болду. Адегенде алар күтүүсүздөн Швейцарияны өздөрүнөн алдыга өткөрүп жиберип, С тайпасында экинчи болуп, плэй-оффтук баскычка түшүп калышты. Ал жерде атаандаштарынын биринчи айлампасында Түндүк Македония менен беттеше турган болду. Беттеште Италия күтүүсүздөн утулуп калды. Беттештин жүрүшүндө италиялыктар кооптуу мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, бирок ишке ашкан жок. Бул бүткүл өлкө үчүн трагедия болуп калды.
Түндүк Македония акыры Португалияга утулуп, Дүйнө чемпиондугуна жолдомо утпай калды. Италия Дүйнө чемпиондугуна катышпай калды деп футбол сүйүүчүлөрүнүн маанайы түшүп баштаганда италиялык команданын дагы эле Катарга жетүү мүмкүнчүлүгү бар экени белгилүү болду!
Италиялык футболчулар Дүйнө чемпиондугунан үмүтүн үзүшкөн. Бирок бир нече дүйнөлүк спорттук басылмалар Италия Дүйнө чемпиондугуна катышышы мүмкүн экенин далилдери менен жазышууда. Мунун баары Иран курамасынын айынан.
Эмне болуп жатат?
Иран үчүн мүмкүн болгон жазанын окуясы 2019-жылы башталган. Ал кезде ФИФА Иранга адам укуктарын бузгандыгы үчүн жазаланышы мүмкүн экенин эскерткен болчу. Кеп аялдардын стадионго баруусуна тыюу салуу жөнүндө болуп жатат. Анда футболдук оюнга катышканы үчүн соттолгон ирандык жаш кыз түрмөгө түшүүдөн коркуп, эркектин кийимин кийип, сот залынын жанында өзүн-өзү өрттөп жиберген.
29-мартта Иран курама командасы Ливан менен ойногон. Бул беттеш дагы бир жаңжалдын көлөкөсүндө калды. Беттешке эки миңге жакын аял билет сатып алышкан. Коопсуздук кызматкерлери адегенде аларды стадионго киргизбей, андан кийин күч менен таратышкан. Чындыгында Иран ФИФАнын эскертүүлөрүн тоготпой келет.
Дал ушул Ливан менен болгон оюнда ФИФА конкреттүү кадамдарга барууну чечти.
Бул оюндан кийин Ирандын футбол федерациясынын мүчөсү Мехрдад Серадски ФИФА менен Азия футбол конфедерациясынан тынчсыздандырган кабарды укканын Твиттердеги баракчасына жазды. Эң жаман сценарий Иран курама командасын 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунан четтетүү болушу мүмкүн.
Эгер ФИФА мындай кадамга барууну чечсе, анда бош орунга дүйнөлүк рейтингде башка бардык талапкерлерден жогору турган улуттук команда ээ болот. Буга дүйнөлүк рейтингде 6-орунда турган Италия ээ болот.
Иран буга чейин дагы 1986-жылкы дүйнөлүк чемпиондукка катышуудан четтетилген. Ага Ирак менен согуш себеп болгон. 2022-жылы Иран кайрадан дүйнөлүк чемпиондуксуз калуу коркунучунда турат. Бирок ФИФАнын 210-конгресси өткөнү менен анда була маселе көтөрүлгөн эмес. Кыязы, ФИФА кайрадан Иранга кырдаалды оңдоого убакыт берип жатат.