Бишкекте диний-экстремисттик материалдарды жайылтууга шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, кармалган жаран социалдык тармактагы аккаунттардан "Хизб-ут-Тахрир" уюмунун материалдарын жайылтып жүргөн.
Белгилүү болгондой, социалдык тармактарга жарыяланган материалдар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгына ылайык, өлкө аймагында тыюу салынган "Хизб-ут-Тахрир" уюмунун идеологиясы бар экендиги аныкталган.
"Шектүү катары кармалган жаран 30 жаштагы К.Н. Ал аталган уюмдун активдүү мүчөсү, соуцалдык тармактарга ар кандай ысымдар менен катталып, экстремисттик материалдарды жайылтып жүргөн.
Шектүүгө карата 332-берене (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда кылмыш иши сотко жөнөтүлдү", - дешти башкы башкармалыктан.