"Өз үйүм" деп башкалардын үйүнө квартиранттарды киргизип жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарандарга убактылуу жашаганга батир берип, акчаларын алдын ала алып из жашырып жүргөн жаран кармалды. Кармалган адам 1996-жылы Өзгөн районунда туулган, убактылуу Ош шаарынын аймагында түрдүү даректерде жашап турган К.Н. аттуу адам.
Тергөө иштеринин алгачкы жүрүшүндө маалым болгондой, ал адегенде бош батир таап, жакын арада акчасын берүүнү убадалап, бирок аны башка бирөөлөргө өзүнүн батири катары өткөрүп берип, алдын ала бир нече айга квартира акчасын алып, изин жашырып кетип турган. Учурда бул адамдын үстүнөн 9 батир берүүчү арыз менен кайрылган.
Жабыркагандардын эӊ азы эле 25 миӊ сом алдаткан.
Шектүү К.Н.нын үстүнөн алдамчылык боюнча кылмыш иши козголуп, ал 4-апрель күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
“Бул шектүү жарандардан жабыркагандар болсо, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө 03222-6-64-02 номери аркылуу кайрылууӊуздарды суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.