Арасында министр, депутаттар бар. УКМК жасалма диплом колдонгон бир катар кызматкерлерди аныктады

Жасалма диплом колдонгон мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө жасалма диплом колдонгон жана кош жарандыгы бар деген шек менен текшерүү боюнча: Жогорку Кеңештин 3 депутаты, 2 экс-депутаты, депутаттыкка 9 талапкер, 1 министр, шаардык кеңештин 3 депутаты, 1 судья, 1 мурдагы судья, Эсеп палатасынын 2 кызматкери, прокуратуранын 1 кызматкери, ички иштер органдарынын 15 кызматкери, Чек ара кызматынын 2 кызматкери, Тышкы иштер министрлигинин 6 кызматкери, Экономика жана коммерция министрлигинин 1 кызматкери, Транспорт министрлигинен 2 кызматкер, Айыл чарба министрлигинен 4 кызматкер, билим берүү тармагында 40 кызматкер, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу 1 өкүлү, 2 мэр, 1 экс-мэр, 2 вице-мэр жана башка бир катар кызматкерлер аныктылды.

"Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгы менен 40 адам өз каалоосу менен жумуштан кетип, 2 адам жергиликтүү кеңештеги депутаттык мандатын тапшырышты. 28 мамлекеттик кызматкер чет өлкөлүк жарандыгы бар-жоктугу текшерүүгө алынды. Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 20 кылмыш иши тергелип, 52 материал боюнча тергөөгө чейинки текшерүүлөр, 141 материал боюнча алгачкы текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Текшерүү иш-чаралары бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерди кош жарандуулуктун болушу жана жасалма дипломдун колдонулушу боюнча текшерүү иштери аяктаганга чейин уланат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан