Бишкекте изделип жаткан 11 жаштагы бала аман-эсен табылды

Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан 11 жаштагы бала аман-эсен табылды. Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришкендей, буга чеийн баланын апасы милиция кызматкерлерине кайрылган.

Ал 11 жаштагы С.Э. аттуу баласы бүгүн эртең менен саат 08:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан. Бул факты каттоого алынып, издөө иштери башталган.

"Саат 17:00дө инспекторлор тарабынан изделип жаткан бала борбор калаадан аман-эсен табылып, жакындарына өткөрүлдү. Учурда анын дайынсыз болушунун себептери такталууда", - дешет милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан