
Ош шаардык прокуратурасы тарабынан социалдык багыттагы жерлер жана имараттар мыйзамсыз берилип кеткендиги боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө. Анын алкагында оорукана үчүн бөлүнгөн жер тилкеси менчикке өтүп кеткендиги такталганын Башкы прокуратурадан билдиришти.
Текшерүүдө Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында жайгашкан баасы 12 миллион 450 миң сомду түзгөн жер тилкесин мэрия тарабынан 2007-жылы Б.А. аттуу жаранга мыйзамсыз берилгендиги аныкталды.
Аталган социалдык жерди кайтаруу боюнча Ош шаардык прокуратурасы мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө мэрияга талап келтирип, жогоруда көрсөтүлгөн жер тилке муниципалдык менчиктин балансына алынды.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.