Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору аялдар эркектерге караганда стресске көбүрөөк кабыларын айтат. Аталган борбордун маалыматында адам стресс болгондо кортизол гормону бөлүнүп чыгары, ал биздин денебиз үчүн маанилүү гормон болуп саналарын, анын жардамы менен дене өзгөрүп чөйрөнүн шарттарына ылайыкташары белгиленет.
Чоң адамдар үчүн кортизол гормону уйкусуздукка, майдын топтолушуна жана булчуңдардын алсыздыгына алып келет. Тынчтыкта жашагандарга караганда дайыма стресске дуушар болгон адамдар 40 пайызга тезирээк карыйт.
Аялдар эркектерге караганда стресске көбүрөөк кабылышат.
Себеби - жумушта же башка адам менен болгон чыр-чатак, алардын сырткы көрүнүшүнө нааразычылык, аз айлык акы, карыздар, убагы менен эс албагандык, жумушсуздук, кандайдыр бир оорунун коркунучу жана башка маселелерди жүрөккө кабыл алуу стресске алып келет.
Стресстин белгилери:
* Баш оору жана чыңалуу;
* Зарына жана денедеги кандайдыр бир жаракаттар;
* Уйкунун бузулушу;
* Иммундук системанын начарлашы, ал өз кезегинде жугуштуу ооруларды чакырат;
* Инфаркт;
* Тышкары стресс, кан тамырлардын басымын жогорулатып ага катуу таасир этет;
* Жүрөк айлануу, ичтин оорушу кант диабетинин көтөрүлүшүнө алып келет.
Кантип стрессти жеңүү керек?
* Сүйүктүү музыка угуп, ага жеңил гимнастика жасоо;
* Ваннага же контрасттык душка түшүү;
* Медитация же дем алуу ыкмаларын үйрөнүү;
* Адамдар, достор жана туугандар менен көбүрөөк баарлашуу;
* Бир жерге баруунун зыяны жок: зыярат, театр же музей;
* Жаркын маанайда, позитивдүү эмоцияларды баштан өткөргөнгө аракет кылуу;
* Жакын адамдарды кучактап, жакшы сөздөр менен эркелетүү;
* Өзүңүзгө жаккан хобби же иш табуу;
* Таза абада көбүрөөк убакыт өткөрүү;
* Эс алуучу массаждын бир нече түрүнө катышуу;
* Психологдун кеңешин алуу.
Жогорудагы эрежелерди аткаруу күнүмдүк көйгөйлөрдөн алаксытып, ден соолукту эмоционалдык жактан чыңдоого жардам берет.