
Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги март айында 15 жарандын сөөгү Кыргызстанга жиберилгенин маалымдайт. Элчилик 1-марттан 31-мартка чейинки аралыкта Орусиядагы Кыргыз жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди жүргүзгөн.
Анын алкагында Орусиянын укук коргоо жана сот органдарынын, клиникалык ооруканалардын жана башка кызматкерлердин катышуусу менен бир катар иштер аткарылды.
"Анын ичинде каза болгон 15 жарандын сөөгүн ("Жүк-200") Кыргызстанга жөнөтүүгө консультациялык, юридикалык жана практикалык жардам иретинде жардам көрсөтүлдү. Мыйзамга ылайык, маркумдардын жакын туугандарына алардын сөөгүн Кыргыз өлкөсүнө жеткирүүгө кеткен чыгымдары үчүн акчалай компенсация төлөнүп берилди", - деп айтылат билдирүүдө.