Улуттук банк коммерциялык банктарга кызмат көрсөтүүнүн тартиптери жөнүндө эскертүү жасады

Улуттук банк өлкөдөгү коммерциялык банктарга кардарларга кызмат көрсөтүүнүн тартиптери жөнүндө эскертүү жасады. Банк Кыргыз жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар үчүн эсеп ачуу, банктык төлөм карттарды алуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен аныкталгандыгын маалымдайт.
"Коммерциялык банктар кардарларды тейлөөдөн мурда террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарына ылайык текшерүү чараларын жүргүзүүгө тийиш.
Улуттук банк коммерциялык банктарга кардарларды тейлөөдө коопсуз иш жүргүзүүнүн жалпы эрежелерин, учурдагы экономикалык, геосаясий жагдайды эске алып Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык текшерүү боюнча ички көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштайт", - деп айтылат маалыматта.
Банктык мыйзамдарда аныкталган тейлөө талаптар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана коммерциялык банктардын сайттарында жайгаштырылган.
Улуттук банк бардык маселелер боюнча, анын ичинде банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого байланышкан суроолор боюнча байланыш каналдары аркылуу түздөн-түз коммерциялык банктарга кайрылууну жана маалыматты тиешелүү деңгээлде текшерүүнү сунуштайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан