Кыргыз-Өзбек чек арасындагы чыр: 38 жана 31 жаштагы жарандардын сөөгү Кыргызстанга өткөрүлдү

Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал 5-апрель саат 23:50гө карата салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришет.

"Аксы районунун Дейрес айылында Кыргызстандын жарандары менен Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек арачыларынын ортосунда орун алган чыр-чатактын натыйжасында, Чек ара кызматы аткезчилик жүктөрдү ташууга катышкан жарандарды издөө боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүп жатат", - дешет маалымат кызматынан.

Ошондой эле Чек ара кызматы чыр-чатактын кесепетинен каза болгон Кыргызстандын төмөндөгү жарандары экендигин билдирет:

- О.Б.Т.угли 1984-жылы туулган, Аксы районунун Дейрес айылынын тургуну;
- О.С.Т. 1991-жылы туулган, Аксы районунун Дейрес айылынын тургуну.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн макулдашуусуна ылайык, "Жүк-200" кыргыз тарапка 5-апрелде саат 23:46да "Маданият-авто жол" өткөрүү жайы аркылуу өткөрүп берилди.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Өзбек чек ара тилкесинде курал колдонуу менен чыр-чатак орун алып, анын кесепетинен 2 жаран каза болгону кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан