Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин алгачкы жыйыны өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Талант Мамытовдун төрагалыгы менен өткөн иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик мекемелердин, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдордун өкүлдөрү катышты.
Төрага Талант Мамытов аталган кеңеш аялдардын, балдардын укуктарын коргоого жана гендердик теңчиликти камсыздоого багытталган маселелерди талкуулоочу маанилүү аянтча экенин белгиледи. “Бул жаатта өлкөбүздө көптөгөн иштер жасалды. Алсак, Жогорку Кеңеште жана жергиликтүү кеңештерде аялдардын санын 30 пайызга жеткирүү багытында тийиштүү мыйзамдык талаптар иштелип чыгып, жигердүү колдоого ээ болду. Мындан тышкары, аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жоюу максатында тийиштүү мыйзамдык базаны чыңдоо аракеттери көрүлүүдө. Андыктан бул кеңеш бардык маселелерди ар тараптуу талкуулап, сунуш-пикирлерди берүү менен жакшы мыйзам актыларын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүсү кажет”, – деди.
Ал эми Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин төрагасынын орун басары Шарапаткан Мажитова бардык мүчөлөрдү жана тийиштүү тараптарды жигердүү катышууга чакырып: “Өлкөдөгү социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн аялдардын жана балдардын укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурулушу керек”, – деген пикирин айтты.
Муну менен катар парламенттик көзөмөлдү күчөтүү, ишкер аялдарды жана лидер айымдарды колдоо жаатында сунуштар айтылып, гендердик теңчиликке жана аялдар менен балдар арасындагы зомбулукка тийиштүү көйгөйлөр көтөрүлдү.
Төрага Талант Мамытов айтылган бардык маселе Кеңеште кеңири талкууланарын белгилеп, демилгелер өтө маанилүү экенин кошумчалады.