Кыргыз-Өзбек чек арасындагы жаңжалдан каза болгондордун сөөгү кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди

Кыргыз-Өзбек чек арасындагы жаңжалдан каза болгондордун сөөгү кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 5-апрель саат 23.50гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесиндеги кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдады.

Аксы районунун Дейрес айылында Кыргыз жарандары менен Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек арачыларынын ортосунда орун алган чыр-чатактын натыйжасында УКМКнын Чек ара кызматы аткезчилик жүктөрдү ташууга катышкан жарандары издөө боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүп жатат. Жаңжалдан эки адам каза болгон. Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн макулдашуусуна ылайык "жүк 200" Кыргыз тарапка 2022-жылдын 5-апрели саат 23:46да "Маданият-авто жол" өткөрүү жайы аркылуу өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан