31-март күнү Бурса шаарында өткөн ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин кезексиз жыйынында бир добуштан колдоого алынып, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы болуп Султан Раев дайындалды. Буга чейин аталган уюм Кыргыз жергесинде дагы масштабдуу көптөгөн иш-чараларды өткөрүп келди. Бул ирет биз ТҮРКСОЙ уюму тууралуу айтып бермекчибиз.
ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 1993-жылы түзүлгөн жана анын штаб-квартирасы Анкара шаарында жайгашкан. Бул уюмга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, Түркмөнстан негизги мүчө. Эл аралык Түрк маданияты уюму - ТҮРКСОЙ - Түрк дүйнөсүнүн ЮНЕСКОсу болуп эсептелет.
Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана Орусия Федерациясынын автономиялуу республикалары, Татарстан, Башкортостан, Алтай, Саха, Тува, Хакасия жана Гагаузия ТҮРКСОЙго байкоочу мүчө мамлекеттер катарында кошулду. ТҮРКСОЙ түзүлгөндөн бери түрк элдеринин ортосундагы бир туугандык жана тилектештик байланыштарын чыңдоо, жалпы түрк маданиятын келечек муундарга өткөрүп берүү жана аны менен дүйнө жүзүн тааныштыруу максатында иштеп келе жатат. Уюм 1993-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн Түрк Кеңеши, Түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фонду менен биргеликте жүргүзөт. Ошондой эле ТҮРКСОЙ бирдей принциптерди жана максаттарды көздөгөн ЮНЕСКО жана ИСЕСКО менен кызматташат.
Белгилүү жазуучу, драматург Султан Раев алдыдагы пландары көп экендигин айтты.
"Бул эл аралык аренада маданият тармагындагы кадыр-барктуу, түрк цивилизациясынын башын бириктирип турган уюм. ТҮРКСОЙдун негизги максаты - маданият аркылуу бардык түрк мамлекеттеринин интеграциясын бекемдөө, маданият аркылуу жакындашуу, түрк тилдүү элди бириктирип турган руханий көпүрө болуу. Эң негизги маселебиз түрк дүйнөсүндөгү маданий интеграцияны күчөтүү болуп саналат.
Алдыдагы 5 жылдагы пландарым көп. Маданий интеграцияны калыптандыруу, өнүктүрүү, бекемдөө багытындагы иш-чараларды өткөрүү. Буга чейин иш-чаралар өтүп келгени менен локалдык мүнөздө болгон. Биз болсо голобалдык маанидеги иш-чараларды өткөрөлү деп турабыз. Улуттук адабиятты жайылтуу боюнча конкреттүү иштерди жасоо ниетибиз бар. Бул маселе музыкага, киного да байланыштуу. Ошондой эле түрк дүйнөсүндөгү чыгармачыл адамдардын башын бириктирген форум өткөрүүнү пландап жатабыз. Анда маданияттагы тренддерди аныктап, бири-бирибиз менен жолугушуп турушубуз керек.
2023-жылы Айтматовдун 95 жылдыгы болот. Ошону Айтматовдун Ысык-Көл форуму деп өткөрөлү деп сүйлөшүп жатабыз. Аны жөн эле иш-чара кылбастан статусун, масштабын чоң кылып өткөрсөк дейбиз", - деди ал.