Бишкектин тургунунан унаа үчүн акчасын алып из жашырып кеткен пакистандык жаран кармалды

Бишкектин тургунунан унаа үчүн акчасын алып из жашырып кеткен пакистандык жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 2020-жылы 5-августта милицияга Бишкек шаарынын И.К. аттуу тургуну кайрылган. Ал 3 даана Honda-Jaz унаасын алып келип берем деп 315 миң сом акчасын алдын ала алып, из жашырып кеткен Д.А. аттуу Пакистандын жаранына чара көрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, сотко өткөн. Сот ишти кароо учурунда айыпталуучуну үй камагына чыгарып, бирок ал отурумдарга келбей койгондуктан ага издөө жарыяланган. Жакында эле Октябрь райондук милиция кызматкерлери тарабынан кайрадан кармалып, камакка алынган.

Сүрөттөгү адамдан жабыркагандар болсо төмөнкү номерге чалып коюуну укук коргоо кызматкерлери өтүнөт.

0(703) 33-32-01 0(707) 81-44-44 жана 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан