Beeline ɵз абоненттерине сапаттуу кызматтарды кɵрсɵтүү үчүн эң заманбап технологияларды киргизүү менен ар дайым тармакты жакшыртуу жана базалык станцияларды модернизациялоо боюнча үзгүлтүксүз иштерди жүргүзүп турат.
Компания тармакты өнүктүрүүгө жыл сайын жүздөгөн миллион сом жумшайт. Себеби оператор өз колдонуучулары үчүн өз тармагында эң мыкты болууга умтулат.
Ошентип ɵткɵн жылдын күз мезгилинде компания жаңы радиожыштык ресурсун алууга 360 миллион сом жумшап, Бишкектин аймагындагы LTE TDD стандартындагы мыйзамдуу жыштыктын колдонуучусу болду.
Бүгүнкү күндө компания борбор калаада жаңы жыштыктардын алкагында тармактын курулушун аяктады. Бишкек шаарындагы түйүндү модернизациялоонун алкагында компания станцияларды жаңыртты. Абоненттер бүгүнкү күндө оператордун камкордугун сезип, интернеттин ылдамдыгына баа бере алышат.
Белгилей кетсек, Beeline өзүнүн байланыш мунараларында орнотууну аяктап жаткан LTE TDD байланыш стандарты башка өлкөлөрдө жана эми Кыргызстанда да кеңири колдонулат. Бул технология өлкө үчүн жаңы болуп саналат.
Анын негизги артыкчылыгы – бул колдонуучунун Интернетте маалыматты кантип кабыл алуу жана берүү ортосунда тармак ресурсун динамикалык түрдө кайра бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет. Бул абоненттерге тасмаларды эң мыкты сапатта кечиктирбестен көрүүгɵ, көбүрөөк сайттарга кирүүгɵ, бир эле учурда музыка угууга мүмкүндүк берет жана мунун бардыгын жогорку ылдамдыкта.
Мындан тышкары, Beeline’дын техникалык адистери түйүндүн камтуу географиясын кеңейтүү боюнча иштерди улантууда, бул биздин ишибиздин артыкчылыктуу бөлүгү, анткени биз абоненттерибиздин ыңгайлуу жана сапаттуу байланышына кам көрөбүз.
Beeline сизге камкордук менен!