Аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан дан азыктары кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-апрель күнү Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагында 2 жүк ташуучу унаа токтотулган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Суу районунун тургундары бара жаткан унаадан дан азыктары Өзбек Республикасынын Фергана облусунун Риштан районунун Шахимардан анклавына аткезчилик жол менен бара жаткандыгы аныкталган.
Бул факты Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, кармалган унаалар атайын токтотулуучу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери башталган.