Медициналык мекемелерге системалуу пара берген, өзү кош бухгалтерия жүргүзгөн менчик лаборатория аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМКга лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн жеке менчик “Е” аталышындагы медициналык лабораториясынын мыйзамсыз ишмердүүлүгү боюнча маалымат түшкөн. Ал компания медициналык мекемелерден биоматериалдарды кабыл алуу пункттарын жайгаштырууда башкалардан артыкчылык укук алуу жана лабораториялык изилдөөлөрдү аларда гана жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн мекемелердин жетекчилерине системалуу түрдө пара берип келгени аныкталган. Муну менен катар ишкананы тинткенде «кош» бухгалтерия аныкталып, кызматкерлерине көмүскө айлык төлөп жана абийирсиз атаандаштык үчүн коротулган каражаттар аныкталган.
Аталган ишкананын жетекчиси Я.С. аттуу адам кармалып УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Учурда тергөө мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын аныктоодо.