
Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн дзюдо боюнча Азиянын ачык кубогунда бишкектик
Кыял Амантурова 3-орунду ээледи. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыял Амантурова мелдешке 52 килограмм салмак ченинде катышкан.
Белгилесек, уландар жана жаштар арасында дзюдо боюнча Азиянын ачык кубогу 5-8-апрель күндөрү өттү.