Бишкекте 43 жаштагы аял диний-экстремисттик материалдарды даярдоого, жайылтууга шектелүүдө. Бул туурасында Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, диний экстремизмдин жайылышын алдын алуу максатында "Хизб-ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун материалдарын тараткан социалдык тармактарда аккаунттар аныкталган. Жарыяланган материалдар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча материалдарда Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган "Хизб-ут-Тахрир" уюмунун идеологиясы бар экендиги аныкталган.
"Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган уюмдун активдүү мүчөсү 43 жаштагы М.Ч. кармалды. Ага карата 332-берене (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда кылмыш иши сотко жөнөтүлдү", - дешет маалымат кызматынан.