Министрлер кабинети энергетикалык тармакты өнүктүрүү боюнча форум өткөрөт

Бишкек шаарында "Энергетика тармагын трансформациялоо келечектин жеткиликтүү жана туруктуу энергияга карай жолунда» аталышындагы энергетикалык форуму өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, форумга Акылбек Жапаров, эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, мамлекеттик орган өкүлдөрү жана инвесторлор катышат.

Иш-чаранын алкагында энергетикалык реформалардын жана инвестициялык кызматташуунун негизги багыттары талкууланат. Мындан тышкары өлкөнүн энергетика тармагындагы реформаларды колдоо боюнча эл аралык өнүктүрүү өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу маселелери каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан