Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору эркектердин арасында эң эле кеңири тараган оору – простатит экенин маалымдайт.
Простатит – эркектин жыныс безинин сезгениши. Ар кандай маалыматтарга караганда, 25 жаштан жогорку курактагы эркектердин 20дан 80 пайызга чейинкилери простатиттен жапа чегишет. Акыркы мезгилде оорунун көбөйүшү байкалууда. Простатиттин келип чыгуу себептери заара жыныс системасындагы ооруп айыккан оорулар, инфекциянын кан аркылуу киришинин жыйынтыгында бактериялар, вирустар, микоплазмозалар жана башка микроорганизмдер тарабынан пайда болгон организмдин сезгенген оорулары.
Узак убакытка чейин жыныстык мамиледен кармануу, токтотулган жыныстык катнаш, жыныстык жашоонун сейректиги, көп убакыт унаа айдоонун жыйынтыгы эркектин жыныс безиндеги сезгенүүнүн өөрчүшүнө алып келүүчү факторлор болуп саналат.
Заара-тукум системасынын ооруларынын өөрчүшү төмөндөгүлөрдүн эсебинен көбөйөт:
• үшүп калуу;
• жыныс мүчөсүнүн жаракаты;
• заара жолдорунун таш оорулары;
• жыныс өнөктөштөрүнүн көп болушу;
• диетадагы катачылыктар: ачуу, кычкыл, туздуу, маринаддалган тамак-аш жана башка көп өлчөмдө пайдалануу;
• ичимдик ичүү;
• сууну жетишсиз колдонуу;
• заара ушатуу режиминин үзгүлтүккө учурашы. Эгерде тыныгуу бир канча саатты түзсө, анда оорунун өнүгүү тобокелчилиги жогорулайт;
• өнөкөт сезгенген оорулар;
• аз кыймылдоо же көбүнчө отуруп иштөө.
Оору кантип пайда болот?
Көбүнчө оору симптомдорсуз же клиникалык көрүнүшү жок өтөт. Алгач ооруткан, кыйынчылык менен чыккан заара ушатуу байкалат, табарсыкты бошотууга улам-улам каалоо айрыкча түнкүсүн келип чыгат. Андан кийин алаада, заңдоо учурунда оорутуу пайда болот. Оорутуу куймулчакка, жыныс мүчөсүнө, жумурткага өтүшү мүмкүн. Сексуалдык функция бузулат, уруктуктун түшүүсүндө көйгөйлөр келип чыгат (консистенциясы жана саны өзгөрөт).
Адатта эркектер өздөрүнүн көйгөйлөрү тууралуу айтуудан уялышат жана дарыгерге күчөп кеткен баскычтарында гана кайрылышат. Эгерде дарылоо жүргүзүлбөсө же эркек өз алдынча дарылоо менен алектенсе, анда абал начарлайт.
Убакыттын өтүшү менен аягына чейин дарыланбаган же күчөп кеткен простатит бүтүндөй бир катар татаалдашууларды пайда кылышы мүмкүн, алардын айрымдары абдан олуттуу, тукумсуздукка алып келиши ыктымал.
Простатиттин алдын алуу
Кыймылдуу жашоо мүнөзүн алып жүрүү зарыл - жөнөкөй дене тарбия көнүгүүлөрүн аткаруу, чуркоо, жөө басуу. Велосипед тебүү, отуруп-туруу, ийилүү, сууда сүзүү.
Ошондой эле үшүп калуудан сактануу керек: аба ырайына жараша кийинүү (өзгөчө жылдын суук мезгилинде).
Көп убакытты отуруп өткөрбөөгө аракеттенүү зарыл, тез-тезден тыныгууларды жасоо, ал арада көнүгүүлөр менен алектенүү же жөн гана ары-бери басуу.
Туруктуу өнөктөш менен тартипке салынган үзгүлтүксүз жыныстык жашоодо жашоо керек. Ич катканда жумшартуучу каражаттарды колдонуу зарыл.
Сыркоологон учурда өнөкөт болуп калбоосу үчүн алдын алуу же өз убагында дарылоо маанилүү.
Эркектер өзүнүн репродуктивдик ден соолугун сактоо үчүн урологго же үй-бүлөлүк дарыгерге жылына 1 жолудан кем эмес кайрылып туруулары керек.
Туура тамактануу, үзгүлтүксүз физикалык кыймыл-аракет жана сексуалдык активдүүлүк эркектердин саламаттыгын колдоого жана активдүү жашоону узартууга өбөлгө түзөт.