Айжигитов: “Депутаттык сынды кабыл алуунун ордуна менин үстүмдөн арыз жазган министрге чара көргүлө”

Жогорку Кеңеште башкы прокурор Курманкул Зулушев отчёт берүүдө. Анын жүрүшүндө баш прокурорго сындар айтылып, суроолор берилүүдө.

Анын алкагында депутат Султанбай Айжигитов Курманкул Зулушевге кайрылуу жасап, депутат катары айткан сынын кабыл алуунун ордуна анын үстүнөн Жогорку Кеңешке арыз жазган айыл чарба министринин ишине укуктук баа берүүсүн өтүндү.

“Билесиз, мен айыл чарба министрлигинин ишин катуу сынга алып жүрөм. Бул сынды кабыл алуунун ордуна министрдин жана министрликтин дарегине шек келип жатат деп менин үстүмдөн арыз жазып жатат. Конституцияга ылайык, депутаттык сынга каршы министрдин арыз жазганга акысы жок. Бул аракети мыйзамсыз. Экинчиден бул жазган арызы, аракети депутаттын ишине тоскоолдук жаратуу катары эсептелинет, бул кылмыш. Сиздин ушул иш боюнча укуктук баа берүүңүздү өтүнөм”, - деди Айжигитов.

Ошондой эле ал тийиштүү экспертизалар министрдин бул кайрылуусунда кылмыштын белгилери бар экенин аныктаганын жана тийиштүү документтерди берүүгө даяр экенин айтты.

Ал эми башкы прокурор аны кабыл алууга даярдыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан